Бишкекте VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасы талкууланды. Жолугушууга маданият өкүлдөрү, тарыхчылар, этнографтар жана чыгармачыл инсандар катышты. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Министр Мирбек Мамбеталиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин өтүп, анын алкагында "Бишкек Аренада", "Курманжан Датка" этнографиялык музейинде, Чолпон-Атадагы ат майданда, "Рух Ордо" маданий борборунда, "Дордой Номад" комплексинде жана Кырчын жайлоосунда кеңири маданий программа уюштуруларын белгиледи.
"Өзгөчө көңүл Кырчындагы "Көчмөндөр ааламы" этно-маданий шаарчасына бурулат. Анда улуттук музыка, манасчылык, төкмө акындык өнөр, кол өнөрчүлүк, улуттук тамак-аш жана каада-салттар көрсөтүлөт. Маданий программанын негизги максаты - улуттук мурасты сактоо жана кийинки муунга өткөрүп берүү",- деп кошумчаланды маалыматта.