Кыргызстанда пиротехниканы сатуу жана колдонуу боюнча жаңы эрежелер бекитилди. Министрлер кабинетинин 10-августтагы токтомуна ылайык, фейерверк, петарда жана башка пиротехникалык каражаттар адистештирилген дүкөндөрдө гана сатылышы керек.
Ошондой эле түнкүсүн жумуш күндөрү саат 22:00дөн 07:00гө чейин, ал эми дем алыш жана майрам күндөрү 22:00дөн 09:00гө чейин салют атууга болбойт.