Биз социалдык тармакта

Meta балдардын психикалык саламаттыгына байланыштуу 567 миллион доллар төлөйт

АКШнын Нью-Мексико штатындагы сот Meta компаниясын 567 миллион доллар төлөөгө милдеттендирди. Сот Facebook жана Instagram платформалары балдар менен өспүрүмдөрдүн психикалык саламаттыгына зыян келтирген деген тыянак чыгарган.

Чет элдик басылмалар билдиргендей, каражаттын 420 миллион доллары жабыркаган балдарга жардам берүү программаларына, калган бөлүгү мугалимдерди жана медицина кызматкерлерин окутууга жумшалат.

Сот ошондой эле Meta компаниясына балдар үчүн коопсуздук чараларын күчөтүүнү тапшырды. Компания болсо чечимге макул эмес экенин билдирип, даттанарын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан