Манас шаарында Роза Азимова атындагы 500 орундуу жаңы билим уясы салынууда.
Курулуш министрлиги билдиргендей, бүгүнкү күндө мектептин курулушу 60 пайызга аткарылды. Учурда имараттын сыртын жылуулоо иштери башталып, чатырын жабууга даярдыктар көрүлүүдө.
Учурда шаар боюнча жалпы 6 жаңы мектеп курулууда. Курулуш иштери ушул жылдын март айында башталган.