Араван районунда 1 миллиард сомдук газоблок заводу курулууда. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалымдалгандай, завод курулуп бүтсө, 70 жумуш орду түзүлөт. Ал жылына 300 миң куб метр газоблок өндүрүү кубаттуулугуна ээ болот. Газоблок өндүрүү үчүн керектүү чийки заттын 90 пайызы өлкөнүн түштүк аймактарындагы жергиликтүү кендерден алынат. Курулуш иштери быйылкы жылдын аягында аяктайт деп айтылат маалыматта.