Орусиянын Екатеринбург шаарында кыргызстандык жаранды коркутууга алышкан делип 33 жаштагы эки адам кармалды. Бул тууралуу 12-августта Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ИИМдин Екатеринбургдагы өкүлчүлүгүнө Кыргыз жараны кайрылып, ага карата коркутуулар жана акча талап кылуулар болуп жатканын билдирген. ИИМ Орусиянын укук коргоо органдары менен бирге иш алып барды.
Бул аралыкта кыргызстандыкты шектүүлөр уурдап, белгисиз тарапка алып кетишкен. Атайын операция жүргүзүлүп, жабырлануучу табылып, алардын туткунунан бошотулган.