Кыргызстан бажы алымынан бошотуу менен өлкөгө кошумча 10 миң электромобиль алып кирүүгө квота алды. Бул тууралуу 12-августта Бажы кызматы кабарлады.
Маалыматта мындай чечим Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши тарабынан кабыл алынганы айтылат. Ал чечим 17-августтан тартып күчүнө кирет.
Ушуну менен быйылкы жылга карата электромобилдерге берилген жалпы квота 15 миңден 25 миңге чейин көбөйтүлдү.