Биз социалдык тармакта

Ливан араб өлкөлөрүнүн арасынан биринчи болуп өлүм жазасын жокко чыгарды

Ливан парламенти өлкөдө өлүм жазасын толугу менен жоюу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдиришти.
Маалымдалгандай, 128 депутаттан турган парламенттин басымдуу бөлүгү бул чечимди колдоп добуш беришти. Саясий күчтөрдүн ичинен жалгыз гана "Хезболла" бийлик фракциясы (бирикмеси) каршы чыккан. Буга ылайык өлкөдөгү эң оор өлүм жазасы өмүр бою эркиндигинен ажыратуу жана мажбурлап иштетүү менен алмаштырылат.
Негизинен Ливанда 2004-жылдын январь айынан бери өлүм жазасына расмий эмес мораторий киргизилип, иш жүзүндө аткарылбай келген. Бирок соттор акыркы жылдары ондогон өлүм өкүмдөрүн чыгарып, бирок алардын аткарылышы токтотулуп же жеңилдетилген жазага алмаштырылып келген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан