Бул чыгарылышта блогер, актёр жана тамада Рыскелди Нурлан уулу жашоосундагы эң оор жана көп айта бербеген окуялары менен бөлүштү.
Атасы 16 жашында каза болгондо эмне болгон? Эмне үчүн ошол учурда көзүнөн жаш чыккан эмес? Атасына айткан акыркы сөздөрү үчүн өкүнүчү, балалыгы, таята-таенесинин тарбиясы, Кытайдагы жашоосу, кыргыз мекендештердин алданып калганы, чыгармачылыктагы максаттары тууралуу баарлаштык.
Бул жөн гана интервью эмес. Күлкү артында жашырылган өкүнүч, атага болгон кусалык жана чоң максаттар тууралуу ачык маек Super.kg медиа порталында.