Кечээ, 11-августта саат 21:50 чамасында Ак-Суу районунда Эңилчек дарыясынан өтүүгө аракет кылган үч италиялык туристтин Lexus LX 470 үлгүсүндөгү унаасы тыгылып калганы тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге Ак-Суу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн үч куткаруучусу авариялык-куткаруу унаасы менен барып, тыгылып калган унааны чыгарып беришкен. Мындан тышкары, жардамга «Сары-Жаз Минерал Майнинг» компаниясынан жүктөгүч тартылган.
Италиялык туристтердин абалы туруктуу. Алар сапарын улантышкан.
Окуядан жабыркагандар болгон эмес.