Түндүк Кипрде бычактан жаракат алган Кыргызстандын жараны Ж.А.нын абалы туруктуу оор бойдон калууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Дарыгерлердин маалыматына караганда, кыз маал-маалы менен эсине келип, учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат. Жакын тууганы да Түндүк Кипрге барып, анын жанында болууда.
Эскерте кетсек, кызга 3-августта Никосия шаарындагы супермаркетте белгисиз себептен эркек киши бычак менен кол салган. Жабырлануучу ооруканага жеткирилип, операция жасалган.
Кол салган адам да эсине келген. Ага карата тергөө иштери уланууда жана бөгөт коюу чарасы каралууда. Кыргызстандын элчилиги кыздын жакындары жана дарыгерлер менен байланышта.