Интернетте испаниялык блогер жана скейтбордчу күндүн толук тутулушу учурунда тарткан укмуштуудай кадрлар кеңири тарап, колдонуучулардын көңүлүн бурду.
Видеодо ал Ай Күндү толугу менен жаап турган учурда скейтборд менен эффекттүү трюк жасап, камерага өзгөчө көз ирмемди түшүргөн.
Видео бир нече сааттын ичинде миллионго жакын лайк топтогон. Колдонуучулар спортчунун чеберчилиги менен катар кадрдын идеалдуу тартылганына да суктанышууда.
Эске салсак, кечээ, 12-августта Испаниянын айрым аймактарынан Күндүн толук тутулушун байкоого мүмкүн болгон.