Өзбекстандан ташылып келе жаткан 23 тонна пияз жана 5 тонна сабиз "Кызыл-Кыя автожолу" фитосанитардык текшерүү постунан артка кайтарылды.
Себеби текшерүүдө продукциянын таңгагында милдеттүү маркировка жок экендиги аныкталган.
Айыл чарба министрлиги билдиргендей, карантин алдындагы продукцияны маркировкасыз алып кирүү ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарын бузуу болуп саналат.