Биз социалдык тармакта

Кыргыз өкмөтү Швейцария менен унаа ташуулар келишимине кол койду

Кыргызстан менен Швейцария унаа ташуулар боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, келишимге транспорт министри Талантбек Солтобаев жана Швейцариянын өлкөдөгү элчиси Сироко Мессерли кол коюшкан. Документ Кыргызстан менен Швейцариянын ортосунда эл аралык унаа ташууларды жүргүзүүгө, ошондой эле тараптардын аймактары аркылуу транзиттик ташууларды уюштурууга зарыл болгон укуктук негизди түзөт. Бул өз кезегинде эки өлкөнүн ортосундагы транспорттук кызматташтыкты кеңейтүүгө жана соода-экономикалык байланыштарды, бизнести жана туризмди өнүктүрүүгө, жарандардын мобилдүүлүгүн жогорулатууга багытталат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан