Бишкекте жол эрежесин бузуп айдаган айдоочуга жана тапанчасы бар жүргүнчүгө чара көрүлдү. Бул тууралуу 13-августта Милициянын кайгуул кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, жүргүнчү тапанчасын унаанын люгунан чыгарып алса, ал эми айдоочу унаасын кыйшаңдатып айдаган. Аталган факт боюнча шектүүлөр милицияга жеткирилип, аларга чара көрүлсө, унаа айып короого киргизилген. Кайгуул кызматы алардын кечирим сураган видеосун жарыялады.