Бишкек шаардык сотунда "75чилердин каты" боюнча Биринчи Май райондук соту чыгарган өкүмгө каршы жазылган апелляциялык арыз каралып жатат.
Прокурорлор даттануу арызын "айыпталуучуларга берилген жаза жеңил болуп калды" деген негизде бергенин УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов журналисттерге айтты.
Ал "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен чыгарылган актоо өкүмүн жокко чыгарып, жазаны катаалдаштыруу суралганын жана "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси боюнча да өкүмдү алмаштыруу өтүнүчү берилгенин билдирди. Жактоочу айыптоочулардын арызына макул эместигин, ал толук актоо өкүмүн суранарын белгиледи.
Эске салсак, 2-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук соту резонанстуу "75чилердин" иши боюнча өкүм чыгарган. Аталган ишке айыпталып жаткан 8 адамды, тагыраагы, УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, мурдагы баш прокурор Курманкул Зулушев, экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулу, Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылышып, мүлкүн конфискациялоо менен 4 жылга эркиндигинен ажыратылышкан. Бирок айыпталуучуларга 3 жылдык пробация жазасы чегерилген.
Ал эми "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча бардык айыпталуучулар акталышты