Өлкөдө BARS улуттук бренди менен электромобилдер чыгарыла баштайт. Бул тууралуу 13-августта Экономика министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, электр кыймылдаткычы менен иштеген жеңил, коммерциялык жана атайын багыттагы унааларды өндүрүүгө жана чогултууга багытталган ишкана түзүү пландалууда. Ал этап-этабы менен ишке ашмакчы. Эгер ишкана ачылса, унаалар ички рынокко, ошондой эле Борбордук Азия жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерге экспорттолот.
Ишкана жылына 10 миңге чейин унаа чыгаруу кубаттуулугуна ээ болмокчу. Өндүрүш жайы 15 гектар жер тилкесине курулуп, 100 жумуш ордун түзөт. Аны 2026-жылдын үчүнчү кварталында ишке киргизүү пландалууда. Долбоор толугу менен демилгечинин өздүк каражаттарынын эсебинен каржыланат. Мамлекет тарабынан жер тилкесин берүү боюнча колдоо көрсөтүлгөн.