Кечээ, 12-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги социалдык тармактагы популярдуу трендге кошулуп, видео чыгарды. Аталган видеону министрлик өзүнүн социалдык тармактагы расмий баракчасына жарыялаган.
Тасмада куткаруучулардын күнүмдүк ишмердүүлүгү жана кызмат учурундагы көз ирмемдери көрсөтүлгөн.
Министрликтин бул видеосу интернет колдонуучулардын көңүлүн буруп, социалдык тармакта талкууланып жатат.
Колдонуучулар видеого жылуу пикирлерин калтырып, куткаруучулардын эмгегин белгилешүүдө.