Кечээ, 12-августта Бишкектеги "Ала-Тоо" кинотеатрында "Жибек жолунун жарыгы жана көлөкөсү" эл аралык долбоорунун алкагында Кытай кино күндөрү өттү. Бул тууралуу Маданият, малымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Иш-чарага Кыргызстандын жана Кытайдын өкүлдөрү, маданият жана кино ишмерлери, киноиндустриянын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Кытай кино күндөрүнүн негизги максаты - эки өлкөнүн ортосундагы маданий кызматташтыкты чыңдоо жана кинематография тармагындагы кесиптик байланыштарды өнүктүрүү болуп саналат.
Ошондой эле эки өлкөнүн киноиндустрия өкүлдөрү пикир алмашып, мындан аркы кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Иш-чараны Кытай медиакорпорациясы (China Media Group, CMG) Кытайдын Кино боюнча мамлекеттик башкармалыгынын колдоосу жана кыргызстандык өнөктөштөрдүн катышуусу менен уюштурган.
Кытай кино күндөрүнө катышуу үчүн Бишкекке Кытайдан атайын делегация да келген.