Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков жарандардан айыл чарба багытында чечилбей жаткан маселелери болсо, анда жеке өзүнө кайрылуусун өтүндү. Ал өзүнүн жеке телефон номурун (0555 750 750) айтты.
Министр бир ишкерди мисал кылып, ал министрликке 6 ай мурун кайрылса дагы, анын көйгөйү чечилбегенин, мындан өзү кабардар болгон соң гана маселе чечилип жатканын айтты.
"Мага кайрылсаңыздар, министр катары көйгөйүңөрдү чечкенге күчүмдү жумшайм",- деди Акунбеков соцтармактагы баракчасы аркылуу жасаган кайрылуусунда.