Биз социалдык тармакта

«НОМАД-ТВ» жаңылыктар студиясына жаңы технология киргизди

Кыргызстандын телекөрсөтүү тарыхында алгачкы жолу «НОМАД-ТВ» маалыматтарды көрүүчүлөргө жеткиликтүү жана заманбап форматта жеткирүү үчүн жаңылыктар студиясына кошумчаланган технология киргизди.

Эми түз эфирде алып баруучулардын жанында фотореалисттик виртуалдык объекттер, сүрөттөр жана толук кандуу 3D-сахналар болот.

Көрүүчүлөр окуя тууралуу маалыматты гана угуп тим болбостон, анын студиядагы визуалдык көрүнүшүн да көрө алышат. Мисалы, жаңы спорттук объекттин көлөмүн жана өзгөчөлүктөрүн көрсөтүү үчүн алып баруучунун жанында «Бишкек Арена» комплексинин модели пайда болушу мүмкүн.

Ал эми жаратылыш кубулуштары тууралуу маалымат берүүдө студияда жанар тоонун атылышын чагылдырылып, ысык лавалардын агымын көрсөтүүгө шарт түзүлөт. Бул технология жаңылыктарды визуалдаштырууга мүмкүндүк берип, көрүүчүлөрдү окуянын жүрүшүнө тереңирээк аралаштырат.

Кошумчаланган реалдуулук маалыматтык материалдарды динамикалуу, таасирдүү кылат. Бул телеберүүнү жаңылоо багытындагы кадамдардын бири болуп саналат.

«НОМАД-ТВ» өз ишинде дүйнөлүк алдыңкы телепродакшн стандарттарына таянып, көрүүчүлөрүн мындан ары да таң калтырууну көздөйт.

Кыргызстанда «НОМАД-ТВ» жаңы технология киргизди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан