Январь айында, Кыргызстанда кыш өкүмүн жүргүзүп турган маалда "Супер-Инфо" гезитинен эс алууга жолдомо алган топ кечээ, 30-январда жолго чыгып, Алматыдан Араб Эмираттарынын Шаржа шаарын көздөй бет алышкан. Түн ичинде арабдардын шаарына конгон топ эки сааттан соң кайрадан абага көтөрүлүп, Шри-Ланка аралынын Коломбо шаарына жөнөдүк. Ошентип, таңга жуук, жерден миңдеген метр бийиктикке көтөрүлүп, миңдеген чакырым жол басып көздөгөн, эңсеген жерибизге жеттик.
Жылдыздар кандай эс алышты, кандай сезимдерди баштан өткөрүштү, ысык аралдагы жаңылыктарды сиздер менен бөлүшүп турабыз. Жылдыздар жайгашып, эс алуучу жай менен таанышып жаткан кездери.