Бишкекте жол эрежесин бузган айдоочунун өздүгү аныкталып, автоунаасы табылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын МККБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, айдоочуга карата укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
МККБ айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырды.
“Жөнгө салынбаган жөө жүргүнчүлөр өтмөгүнө жакындаганда ылдамдыкты азайтып, жол кыймылынын башка катышуучуларына өзгөчө көңүл буруңуздар. Өзүңүздүн жана башкалардын коопсуздугуна кайдыгер карабаңыздар”, - деп айтылат маалыматта.