Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров Ташиевди кызматтан аларда өзүнө телефон чалганын айтты

Президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде Камчыбек Ташиевди УКМКнын төрагалык кызматынан алып жатканда анын өзүнө телефон чалганын айтты.

Мамлекет башчысы ал учурда Ташиев Германия жүргөнүн тактап, аны кызматтан алууга бөлүнүүлөр себеп болгонун белгиледи.

"75 адамдын каты, парламенттеги депутаттардын ортосундагы бөлүнүүлөр... Мен ага "мындай болбойт, элди түндүк, түштүк деп бөлбөш керек" деп айткам. Анан "мен сени кызматтан алып жатам, капа болбогуң" дегем", - деди өлкө башчы.

Эске салсак, Ташиев кызматтан алынганы өзү үчүн күтүүсүз болгонун айткан.

Садыр Жапаров Ташиевди кызматтан аларда өзүнө телефон чалганын айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан