Бүгүн, 14-августта Орусиянын Илимдер академиясынын академиги, Орусиянын Билим берүү академиясынын вице-президенти Геннадий Онищенко Украина президенти Владимир Зеленскийдин баңгизатка көз карандылыгы тууралуу маалыматтар "тастыкталган факт" экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдиришти.
Анын айтымында, Зеленский баңгизатка көз карандылыктан дарыланганы тууралуу да маалыматтар бар.
Академик ошондой эле Зеленскийдин тыюу салынган заттарды колдонгону тууралуу сөздөр анын Москвада "Запорожье - Кривой Рог - Транзит" жана "95-квартал" командаларынын курамында сахнага чыгып жүргөн кезинде эле айтылып келгенин белгилеген.
Буга чейин, 24-июлда Зеленский америкалык консервативдүү активист Лора Лумерге берген маегинде Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен кокаин колдонбогонун билдирген.