Өлкө башчы Садыр Жапаров УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди кызматтан алгандан кийин 2 жолу кабыл алганын билдирди.
Мамлекет башчысы жолугушууда ал өз катачылыгын моюнуна алганын айтты.
"Эки жылдан бери "эл арасында кримтөбөлдөрдүн мүлктөрүнүн жарымын мамлекетке төгүп, жарымын менчиктеп алып жатат деп жатышат" деп какшап айтып жүрдүм. Анан ал "мен текшерип келейинчи" деп кетип эле, "мына таптаза экен" деп кайра келе берчү. Кызматтан алганда бүт баары ачыкка чыккандан кийин, анан "мен ката кетирипмин, жакындарыма ишенип туруп алыптырмын" деди. "Кеч болуп калды" дедим", - деди Жапаров