Биз социалдык тармакта

Бишкекте секелек кыздын алтын сөйкөлөрүн чечип алган аял кармалды (видео)

Бишкекте жашы жете элек кызды тоноого шектелип 21 жаштагы келин кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 2 күн мурун, тагыраагы, 12-августта көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунда болгон. Шектүү 8 жаштагы кыздын кулагындагы алтын сөйкөлөрүн чечип алган. Уурдалган буюмдардын баасы 40 миң сомду түзгөн.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ал алтын сөйкөлөрдү кайсы жерге сатып жибергенин көрсөткөн. Сырганы сатып алган жарандар аны ыктыярдуу түрдө милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Бишкекте секелек кыздын алтын сөйкөлөрүн чечип алган келин кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан