UFC чемпиону Ислам Махачев кыргызстандык мушкер Мыктыбек Оролбай уулу тууралуу жылуу пикирин билдирди.
Махачев Оролбай уулунун дене түзүлүшүнө жана күчүнө көңүл буруп, анын көк бөрү ойной турганын белгилеген. Анын айтымында, бул спорт менен машыккан адамдар физикалык жактан чың болушат.
"Чыныгы кыргыз, тоонун жигити. Көк бөрү ойнойт экен. Бул оюнду ойногондор физикалык жактан абдан күчтүү болушат",- деди Махачев.
Эскерте кетсек, 15-августта UFC 330 турниринде Махачев титулун Иэн Мачадо Гэрриге каршы коргосо, Мыктыбек Оролбай америкалык Жеремайя Уэллс менен беттешет.