Бүгүн, 14-августта Түндүк Корея АКШ менен Түштүк Кореянын биргелешкен Ulji Freedom Shield аскердик машыгууларын агрессивдүү согушка даярдык катары баалады. Бул тууралуу КЭДРдин Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы чет элдик маалымат агенттиктерине билдирген.
Анын айтымында, быйылкы машыгуулар былтыркыга салыштырмалуу "кыйла чагымчыл жана кооптуу" мүнөзгө ээ. Пхеньян мындай аракеттерге "күчтүү кармоочу фактор" менен жооп берип, өзүнүн коопсуздук кызыкчылыктарын коргой турганын белгиледи.
Буга чейин АКШ менен Түштүк Кореянын Ulji Freedom Shield машыгуулары 17-августта башталары кабарланган. Ага 10 миңдеген аскер кызматкерлери, аскердик техника жана БУУнун башкаруусуна кирген өлкөлөрдүн күчтөрү катышат.
КЭДРдин маалыматына караганда, машыгууларда кибер жана электрондук согуш, ошондой эле дрондорду колдонуу сыяктуу заманбап согуш ыкмалары боюнча даярдык көрүлөт. Пхеньян муну масштабдуу аскердик тирешүүгө даярдык деп эсептейт.