ӨКМ өрттү өчүрүүгө жардам берген бетон аралаштыргыч унаанын айдоочусуна ыраазычылык билдирди.
Маалымдалгандай, өз убагында чечкиндүү аракет көргөнү үчүн 25 жаштагы Талгат Каныбековго ыраазычылык кат жана кол саат тапшырылды. Анын өз убагындагы аракети өрттүн андан ары жайылышын чектөөгө жана анын кесепеттерин азайтууга көмөк көрсөткөн.
Эске салсак, 12-августта Бишкектин Түштүк магистраль тарабында куураган чөптөн өрт чыккан.