Биз социалдык тармакта

Алтынбек Мамашов 10 жылдан кийин кайрадан Фаридун Одилов менен беттешет

Кыргызстандык мушкер Алтынбек Мамашов 15-августта Москвада өтө турган ACA 206 турниринде октагонго чыгат. Анын атаандашы Тажикстандын өкүлү Фаридун Одилов. Беттеш орто салмакта өтүп, турнирдин негизги беттештеринин бири болот.

Мушкерлер 10 жылдан кийин кайрадан жолугууда. Алар 2016-жылы WEF ProfFight 7 турниринде беттешип, анда жеңүүчү аныкталбай, кармаш тең чыгуу менен аяктаган.

Мамашовдун профессионалдык рекорду азыр 19 жеңиш, 5 жеңилүү жана 1 тең чыгуу деп көрсөтүлүүдө. Ал эми Одиловдун эсебинде 20 жеңиш, 4 жеңилүү жана 2 тең чыгуу бар.

Эми 10 жылдан кийинки реваншта эки мушкердин кимиси күчтүү экенин октагондо чечилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан