Биз социалдык тармакта

АКШда жээктен 30га жакын өлгөн акула табылды

АКШнын Нью-Жерси штатындагы Си-Айл-Сити шаарында жээктен 29 акуланын өлүгү табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.

Өлгөн акулаларды жергиликтүү тургун Мишель Гринлинг байкап, тиешелүү кызматтарга кабарлаган. Анын айтымында, айрым акулалардын курсагында кызыл тактар болгон. Ошондуктан ал алардын суунун булганышынан улам өлгөн болушу мүмкүн деп божомолдогон.

Бирок Стоктон университетинин кызматкери Стивен Нагиевич бул версияны четке какты. Анын айтымында, эгер деңизде уулуу зат болсо, жээкке башка балыктардын да өлүктөрү чыгышы керек болчу.

Адис акулалардын өлүмүнө бир нече себеп болушу мүмкүн экенин белгилеп, так себеби азырынча аныктала электигин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан