Пуэрто-риколук мушкер Причард Колон 33 жашында дүйнөдөн кайтты.
Колон 2015-жылы Террелл Уильямс менен болгон беттеште башынан оор жаракат алган. Беттеш учурунда анын атаандашы эреже бузуп, каракушка бир нече жолу сокку урган.
Тогузунчу раунддан кийин Колондун командасы беттешти токтоткон. Мушкердин мээсине кан куюлганы аныкталып, ал жети ай комада жаткан.
Ооруканадан чыккандан кийин Колон алган жаракатынан толук айыга албай, майыптар арабасына байланып калган. Өмүрүнүн акыркы жылдарында аны үй-бүлөсү карап келген.