Биз социалдык тармакта

Япониянын премьер-министри Владимир Путинге нааразы болду

Кечээ, 13-августта Япониянын премьер-министри Санаэ Такаити Орусиянын президенти Владимир Путиндин Итуруп аралына жасаган сапарын кескин сынга алды. Ал бул кадамды "таптакыр кабыл алынгыс" деп атап, сапар Япония менен Орусиянын мамилесине терс таасирин тийгизерин айткан. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Ошол эле күнү Япониянын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Токиодогу элчиси Николай Ноздревди чакырып, Путиндин Итуруптагы сапарына расмий нааразычылык билдирди. Япония Итурупту жана түштүк Курилдеги дагы 3 аралды өзүнүн "Түндүк аймактары" деп эсептей турганын белгилеген.

Орусиянын элчилиги Япониянын нааразычылыгын негизсиз деп атап, Ноздрев түштүк Курил аралдары Орусиянын ажырагыс бөлүгү экенин билдиргенин маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан