Швециянын парламенти жаранды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жашын 15тен 14 жашка төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.Буга чейин Швецияда жаран кылмыш жоопкерчилигине 15 жаштан тарта тартылып келген. Эми жаңы мыйзам күчүнө киргенден кийин бул жаш курак 14 жаш болот. Өкмөт тиешелүү мыйзам долбоорун парламентке июль айында киргизген. Алгач бийлик кылмыш жоопкерчилигинин жашын 13кө чейин төмөндөтүүнү пландаган, бирок кийин бул сунуштан баш тарткан.
Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, жаңы тартип туруктуу эмес, убактылуу киргизилет. Ал 5 жыл колдонулгандан кийин кайра каралат.
Мындан тышкары, мыйзамдагы өзгөртүүлөргө ылайык, жашы жете элек кылмышкерлерге берилүүчү эң жогорку жаза мөөнөтү да көбөйтүлөт. Мурда максималдуу мөөнөт 14 жыл болсо, эми 18 жылга чейин эркинен ажыратуу каралат.