Бүгүн, 14-августта Япониянын бийлиги Орусиянын президенти Владимир Путиндин талаштуу Итуруп аралына жасаган сапарынан кийин Москвага каршы санкцияларды күчөтүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканы маалым болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат агенттиктери кабарлады.
Белгилей кетсек, Путин Итуруп аралына кечээ, 13-августта барган. Буга байланыштуу Япониянын премьер-министри Санаэ Такаити анын сапарын сындаган.
Ошол эле учурда Япониянын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Токиодогу элчиси Николай Ноздревди чакырып, Путиндин сапарына расмий нааразычылык билдирген. Орусия тарап түштүк Курил аралдары, анын ичинде Итуруп, Орусиянын ажырагыс бөлүгү экенин белгиледи.
Япония Итуруп, Кунашир, Шикотан аралдарына жана Курил аралдарындагы Хабомаи аралдар тобуна доомат коюп келет. Ал эми Орусия Курил аралдары Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин мыйзамдуу негизде өзүнүн курамына кирген деп эсептейт.