Биз социалдык тармакта

Кыргызстан менен Япония экономикалык кызматташтыкты кеңейтет

Бүгүн, 14-августта Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Япониянын тышкы иштер боюнча парламенттик вице-министри Эри Арфия менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле "Борбор Азия + Япония" диалогунун алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Бакыт Сыдыков Кыргызстан япондук инвесторлор үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүгө даяр экенин белгилеп, өлкөгө салынган инвестицияларды Борбор Азиянын ири рыногунун мүмкүнчүлүктөрү менен бирге кароо керектигин айтты.

Ошондой эле министр Япониянын эл аралык кызматташтык агенттиги - JICA аркылуу Кыргызстанга көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн ыраазычылык билдирди. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну улантууга макул болушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан