Бишкекте майда бейбаштык кылууга шектелген бир жигитке жана эки кызга чара көрүлдү.
Борбор калаа милициясы бүгүн, 14-августта маалымдагандай, алар 24, 21 жана 18 жашта. Шектүүлөргө карата протоколдор түзүлгөн. Топтолгон материалдар белгиленген тартипте тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн сотко жөнөтүлөт.