Бүгүн, 14-августта Бишкекте Mercedes-Benz менен Kia K5 кагышып, жол кырсыгынан эки адам жабыркады.
Милициянын кайгуул кызматынын маалыматына караганда, Mercedes-Benz унаасы оңго бурулууда Kia K5 менен кагышкан. Соккудан кийин Mercedes жолдон чыгып, даракка урунду.
Кырсыктан унаадагы айдоочу жана жүргүнчү жабыркап, ооруканага жеткирилди. Алардын бирин окуяга күбө болгон адамдар унаадан чыгарып жардам беришти.