Бельгиянын Синт-Гиллис-бей-Дендермонде шаарчасында имаратты оңдоп жаткан жумушчулар жертөлөнүн дубалынан болжол менен 9 миллион еврого бааланган алтын катылган сейфти табышты. Бул тууралуу 14-августта орусиялык басылмалар Чыгыш Фландрия прокуратурасына таянып билдирди.
Сейфтин ичинен алтын куймалар, тыйындар жана номерленген алтын куймалары чыккан. Жумушчулар табылга тууралуу дароо имараттын ээсине билдирип, полиция чакырылган.
Учурда прокуратура алтындын кайдан чыкканын жана анын мыйзамдуу ээсин аныктап жатат. Азырынча катылган байлыкты талап кылып эч ким кайрыла элек.
Эгер ээси табылбаса, алтын социалдык борборго өтүп, каражат үй-жайсыз адамдар үчүн кошумча орундарды түзүүгө жумшалышы мүмкүн.