УКМК Ысык-Көл облусунда кум-шагыл аралашмасы жана чопо топуракты мыйзамсыз казып алуу фактысын аныктады. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Шагыл-Кум Кереге-Таш" ЖЧКсынын жетекчиси мыйзам талаптарын бузуп, кен казууну уюштурган. Натыйжада жерлер бузулуп, мамлекетке 5,5 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.
Учурда бул иш боюнча тергөө уланууда.