Бүгүн, 14-августта, Селена Гомес менен анын апасы Мэнди Тифи негиздеген Wondermind стартапынын инвесторлору аларга каршы доо арыз бергенин Reuters жазды. Доо арыз 13-августта АКШнын Делавэр штатындагы федералдык сотко берилген.
Инвесторлор компанияга дээрлик 1,2 миллион доллар салышканын, бирок Гомес жана башка жетекчилер стартапты өнүктүрүү боюнча берген убадаларын аткарбаганын билдиришкен.
Мындан тышкары, алар компаниянын убада кылынган мобилдик тиркемеси да түзүлбөй калганын жана кызматкерлер менен өнөктөштөргө төлөмдөр боюнча көйгөйлөр болгонун кошумчалашкан.
Ырчынын өкүлдөрү азырынча айыптоолорго жооп бере элек.