Бүгүн, 14-августта Индиянын Уттаракханд штатында курулуп жаткан туннелдин бир бөлүгү урап, 7 жумушчу каза болду. Дагы 1 жумушчу дайынсыз болууда.
Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, кырсык туннелдин ичинде жер көчкү жүргөндөн кийин болгон. Окуя учурунда туннелде 20дан ашык жумушчу иштеп жаткан. Алардын 14ү куткарылган.
Учурда уранды алдында калгандарды издөө жана куткаруу иштери уланууда.