Кечээ, 13-августта Шымкент шаарындагы адистештирилген райондор аралык кылмыш соту 21 жаштагы Нурай Серикбайдын өлүмү боюнча өкүм чыгарды. Бул тууралуу Kazinform билдирди.
Айыпталуучу 28 жаштагы Шерхан Аймахан өмүр бою эркинен ажыратылып, жазасын өзгөчө коопсуздук режиминдеги мекемеде өтөйт. Сот аны өзгөчө ырайымсыздык менен адам өлтүрүү, мыйзамсыз аңдуу жана никеге турууга мажбурлоо боюнча күнөөлүү деп тапты.
Тергөөнүн маалыматына ылайык, Аймахан Нурайды бир нече ай бою аңдып жүргөн. 2026-жылдын январында ал кызды Алматыдан Шымкентке никеге мажбурлоо максатында алып качкан. Кыздын ата-энеси бул тууралуу билип, аны Шымкенттен кайра алып кетишкен.
Ал эми 11-январда Аймахан Нурайдын үйүнүн жанында күтүп туруп, ага 35 жолу бычак сайып өлтүргөн. Бул окуя өлкө боюнча чоң резонанс жараткан.
Нурайдын жакындары соттон 15,7 миллион теңге материалдык чыгымды өндүрүп, 10 миллиард теңге моралдык зыян үчүн компенсация төлөтүүнү талап кылышкан.
Соттун өкүмү азырынча мыйзамдуу күчүнө кире элек.