Бүгүн, 14-августта Казакстандын Алматы шаарында жана Алматы облусунун бир катар райондорунда электр энергиясы үзгүлтүккө учурады.
"Алатау Жарық Компаниясы" жергиликтүү басылмаларга кабарлагандай, саат 14:38де 500 киловатт жогорку чыңалуудагы электр линияларында авариялык өчүү болуп, автоматтык коргоо системи иштеген.
Анын кесепетинен Алматынын Бостандык, Наурызбай, Ауэзов жана Алатау райондорунда, ошондой эле облустун башка да бир катар райондорунда блэкаут болду.
Учурда адистер электр энергиясын калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатышат.