Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев бүгүн, 14-августта Япониянын парламентинин Өкүлдөр палатасынын депутаты, тышкы иштер боюнча парламенттик вице-министр Арфия Эрини кабыл алды.
Жолугушууда парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүү маселелери талкууланды.
Маматалиев кыргыз-япон мамилелери өз ара ишеним жана урмат-сыйга негизделип, жыл сайын бекемделип жатканын белгиледи. Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун 2025-жылы Жапонияга жасаган расмий сапары жана «Борбор Азия + Япония» диалогунун биринчи саммитине катышуусу эки өлкөнүн байланыштарын чыңдоодо маанилүү кадам болгонун айтты.
Тараптар билим берүү, саламаттык сактоо, технология, маданият жана мыйзам чыгаруу жаатындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.
Мындан тышкары, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн бир катар эки тараптуу эл аралык келишимдерди ратификациялоо маселеси көтөрүлдү.