Тбилиси шаарында Кыргызстандын ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков менен Грузиянын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын жетекчиси Гела Давидовичтин жолугушуусу өттү.
ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптар коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты бекемдөө жана заманбап коркунучтарга каршы биргелешип күрөшүү маселелерин талкуулашты.
Анын ичинде трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, экстремизмге, эл аралык терроризмге жана киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү, ошондой эле кылмыш жоопкерчилигинен жашырынып жүргөн адамдарды издөө боюнча өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле маалымат алмашууну ыкчамдатуу, тиешелүү бөлүмдөрдүн түз байланыштарын өнүктүрүү, эксперттик жолугушууларды өткөрүү жана тажрыйба алмашуу маанилүү экени белгиленди.
Кыргызстандын ИИМи жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана заманбап чакырыктарга натыйжалуу каршы туруу үчүн Грузия менен кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.