Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда кыргыз-кытай өткөрмө пункттарын башкаруу жаатындагы кызматташтык боюнча макулдашуунун долбоору макулдашылды.
14-августта тараптардын тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү аталган документтин долбоорун талкуулашты.
Макулдашууда өткөрмө пункттарын башкаруу боюнча кыргыз-кытай комитетин жана айрым өткөрмө пункттары боюнча жумушчу топторду түзүү каралган. Бул эки өлкөнүн тиешелүү органдарынын координациясын күчөтүп, чек ара өткөрмө пункттарындагы практикалык маселелерди ыкчам чечүүгө шарт түзөт.
Документтин долбоорун парафирлөө кыргыз-кытай кызматташтыгын бекемдөөдө маанилүү кадам экени белгиленди.
Макулдашууга Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында, Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине байланыштуу иш-чаралар учурунда кол коюу пландалууда.