Биз социалдык тармакта

Сокулукта чет өлкөлүк жарандарга мыйзам талаптары түшүндүрүлдү

Чй облусунун Сокулук районунда "Нелегал" рейдинин алкагында чет өлкөлүк жарандар менен профилактикалык иштер жүргүзүлдү. Бул тууралуу кечээ, 14-августта облустук милиция билдирди.

Маалым болгондой, алардын арасында "Сары-Өзөн Сити", "Көчмөн Сити" турак жай комплекстеринде жана башка курулуш объекттеринде иштегендер бар.

Жарандарга Кыргызстанда мыйзамдарды сактоо, коомдук тартипти жана коопсуздук талаптарын аткаруу боюнча түшүндүрүү берилди. Мыйзам бузган чет өлкөлүк жарандарга жоопкерчилик жана өлкөдөн чыгаруу чаралары колдонулары эскертилди.

Ошондой эле курулуш техникалары жүргөн жолдорго суу чачып, чаңды азайтуу талап кылынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан