Биз социалдык тармакта

Кыргызстанда биринчи жолу угуусу начар балдарга заманбап жабдуулар берилет

Кыргызстанда биринчи жолу угуусу начар 35 бала үчүн "Cochlear" компаниясынын заманбап сүйлөө процессорлору сатылып алынды.

Эмгек министрлиги билдиргендей, баасы 30 миллион сом болгон жабдуулар республикалык бюджеттин эсебинен түздөн-түз Австралиядагы өндүрүүчү заводдон, ортомчуларсыз алынган.

Жабдууларды балдарга тапшыруу аземи 18-августта өтөт. Бул аппараттар балдардын угуу, сүйлөө, билим алуу жана коом менен эркин баарлашуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө жардам берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан